Медицина-санитардык бөлүк

Медицина-санитариялык бөлүк — ири өнөр жай ишканаларында уюшулган дарылоо жана алдын алуу мекемелер комплекси. Ал жумушчуларды, кызматчыларды тейлейт. Медицина-санитариялык бөлүктүн ирилерине: стационар, поликлиника (амбулатория), саламаттык сактоо пункттары, профилакторий, бала бакчасы жана башкалар кирет. Медицина-санитариялык бөлүк ишканада иштегендерге квалификациялуу дарылоо, алдын алуу жардамын көрсөтөт, чарбалык жана профсоюз уюмдары менен бирдикте жумушчулардын эмгек жана жашоо тиричилигинин санитария-гигиеналык шартын жакшыртууга багытталган бирдиктүү комплекстүү чаралардын планын иштеп чыгат, эпидемияга каршы чараларды жүргүзөт. Поликлиникада врачтар өздөрүнө бекитилген цехтеги жумушчуларга медициналык жардам көрсөтөт, цехте санитариялык-агартуу ишин жүргүзөт, ооруларды эрте табуу үчүн жумушчулар арасында мезгили менен медициналык кароо уюштурат, өнөкөт оору менен ооругандарды диспансерлейт, санаторий-курорттук дарыланууга муктаж болгондорду белгилеп, жумушчулардын оорукчандыгын, өндүрүштүн өзгөчөлүгүн жана эмгектин санитария-гигиеналык шартын изилдеп, оорукчандыкты азайтуу жана эмгек шартын жакшыртуу боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгат.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8