Мезгил – 1) мезгилдүү ондук бөлчөктө кайталануучу цифралар; 2) функциянын мезгили – аргументтин каалаган маанисине кошкондо же андан кемиткенде функциянын мааниси өзгөрбөгөн кандайдыр бир нөлгө барабар эмес Т саны: f(x)=f(x–T)=f(x+T); 3) термелүү мезгили – гармониялык термелүүдө [[Image:]] функциясынын касиеттери кайталана турган облус; 4) группанын мезгили – берилген группанын элементтеринин тартибинин (группа мезгилдүү жана анын бардык элементтеринин тартиби бир жыйындыда чектелген деп эсептелет) эң кичине жалпы бөлүнүүчүсү. Группанын мезгили группанын көрсөткүчү деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү