Мезоатом - оболочкасындагы электрондорунун бири терс заряддалган мезон менен алмашылган атом, л — мезон ачылгандан кийин мезоатомдун бар экенин америкалык физик Ж. Уилер алдын ала айткан (1949). 1970-ж. элек­трону сг-гиперон, со- = гиперон же антипротон менен алмашылып калган атомдун бар экени далилденген. Эң жөнөкөй мезоатом болуп суутектин мезоатому эсептелет. Ал суутектин ядросунан жанa терс заряддалган мезондон турат. Кичине өлчөмдүү мезоатом ней­трон сыяктуу электрон оболочкалатынып ичине эркин өтүп, алардын ядросуна жакындайт. Мезоатом мезомолекуланын пайда болушуна, ядро реакциясын катализдоого ж. б. процесстердин жүрүшүнө себепкер болот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.