Мезотерм кендери (мезо... жана гр. therme — жылуулук) — гидротерм кендеринин бир түрү.

Мезотерм кендери 1000 м чамасындагы тереңде чоң басым астында, темпераьурасы 300—200°Сге жеткен минералдуу ысык суу эриндисинен бөлүнүп чыккан минерал заттардын жер катмарына топтолушунан пайда болот.

Жер кыртышында тарам, катмар түрүндө, кээде туура эмес формада кезигет. Терминди 1907-ж. амер. геолог В. Линдгрен киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.