Мейкиндик жана убакыт
Мейкиндик жана убакыт - материянын жашоосунун негизги формалары.
Мейкиндик жана убакыт материясыз оз алдынча жашай албайт. Философторду Мейкиндик жана убакыт. реалдуу нерселерби же аң-сезимде гана жашаган абстрак- диябы деген маселе кызыктырып келген.
Идеалисттер мейкиндик жана убакыттын объективдүү мүнөзүн танып, жеке адамдын аңсезимине көз каранды (Беркли, Юм. Мах), сезимдик байкоонун априордуу формалары (Кант), же абсолюттук духтун категориялары (Гегель) дешкен.
Материализм Мейкиндик жана убакыттан тышкары реалдуулук болбойт деп, анын объективдүү мүнөзүн белгилейт. Мейкиндик жана убакыт материядан бөлүнгүс. Мейкиндик (М) үч, убакыт (У) бир гана өлчөм менен ченелет. Мейкиндик объектилердин бир мезгилдеги жайгаш иретин, ал эми убакыт бирин бири алмаштырып турган окуялардын ыраатын билдирет. Убакыт кайталанбайт, башкача айтканда бардык материалдык процесс өткөндөн келечекке карай бир жакка гана жылат.
Табият илимдеринин өсүшү Мейкиндик жана убакыт материалдык процесстен тышкары жана бири бирине кошулбай өзүнчө жашайт деген метафизикалык көз карашты төгүнгө чыгарды. Диалек. материализм Мейкиндик жана убакыттын кыймылдагы материя менен тышкы байланышын гана көрсөтпөй, кыймыл Мейкиндик жана убакыттын маңызын түзөрүн, ошондой эле материя, кыймыл, Мейкиндик жана убакыт бөлүнгүс экенин айкындайт.
Бул аныктаманын тууралыгын азыркы физика да далилдеп жатат. 18—19-к-да табият таануу илими Мейкиндик жана убакытты бири биринен белек жанa материя менен кыймылга кез карандысыз өзүнчө жашап турган нерсе катарында караган. Байыркы натурфилософтор Демокрит, Эпикурдан баштан 20-к-га чейин табият таа- нуучулар Мейкиндикти боштукка (ээндикке) теңеп, аны түбөлүктүү, өзгөрбөс, Убакытты болсо бир калыпта өтүүчү нерсе дешкен.
Азыркы физика бул кез карашты четке какты. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын негизги тыянагы — Мейкиндик жана убакыт материя менен ар тараптуу универсалдуу ез ара байланышта экендигин далилдегенинде. Мейкиндик жана убакыттын азыркы теориясын түзүүгө Н. И. Лобачевский, Б. Риман, К. Гауе ж. б. зор салым кошкон. А. М. Бутлеров ж. б. материалдык заттардын Мейкиндиктеги абалы менен физикалык-химиялык касиеттеринин арасындагы тыгыз байланышты айгинеледи. Мейкиндик жана убакыт жөнүндөгү биздин түшүнүктөрдүн өзгөрүп турушун философиялык идеализм алардын объективдүү реалдуулугун танууда пайдаланат.
Диалектикалык материализм боюнча адамдын таануусу Мейкиндик жана убакыт жөнүндө улам барган сайын туура жанa терең түшүнүктөрдү берип отурат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.