Мекире сымалдар, осётрлар – балыктардын мекире түспөлдүүлөр түркүмүнүн тукуму. Өтмө, жарым-жартылай өтмө жана тузсуз сууда жашоочу тумшугу созуңку, тиши жок, скелети кемирчектүү балыктар. Дене узундугу 9 м ге, салмагы 1,5 тоннага жетет. Денесинде узата кеткен 5 катар сөөк урчуктары болот. Көкүрөк сүзгүчтөрүнүн алдынкы тармагы жоон тикен сымал, оозунун алдында муруту бар. 4 уруусу, 23 түрү Түндүк жарым шардын сууларында жашап, жай өсөт, 50–100 жылга чейин жашайт. 8–10 жашында жыныстык жактан жетилет. Жазында, жайында өзөнгө өрдөп, икрасын суунун шагыл таштуу түбүнө таштайт. Бентофагдар жана жырткычтар. Бардык түрү баалуу промысел балыктары. КМШ өлкөлөрүнүн жана Ирандын сууларынан көп кармалат. Акыркы жылдары саны азаюуда.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү