Мексикалыктар, мехиканос – эл, Мексиканын негизги калкы. Саны боюнча Латын Америкасында 2-орунда, АКШ, Канада, Испания, Германия, Швейцария ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 150 млн киши (2008). Мексикалыктардын жарымынан көбү (60–70%) аргындар (ладино). Испан тилинде сүйлөшөт. Калкынын көбү католик динин тутат, протестанттар да бар. Өлкөнү колониялоо убагында испандар менен жергиликтүү индей элдеринин (ацтек, майя, миштек, сапотек, отом ж. б.) жана Африкадан кул катары алынып келинген негрлердин аралашуусунан 19-кылымда мексикалыктардын уюткусу түзүлгөн. Испандардын колониялык эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук күрөшү жана 1910–17-жылдардагы Мексика революциясы мексикалыктардын улут болуп түзүлүшүнүн аяк ташын шарттаган. Негизги кесиби – дыйканчылык жана мал чарбачылык. Мексикалыктардын көпчүлүгү өнөр жайында иштешет. Дубалы топурактан согулган, ошондой эле жыгач, таш, адоб жана самандан курулган, терезеси, полу жок, чатыры саман же черепица менен жабылган жер үйлөрдө жашашып, циновкада, кээде гамакта (ысык аймактарда) ук ташкан. Улуттук кийими – испан жана индей тибинде. Эркектер пахтадан жасалган кездемеден көйнөк, шым, башына сомбреро, аялдары жеңил кездемеден тигилген блуза, бүйүрмөлүү узун юбка кийишип, башына жамынгыч жамынат. Дөөлөттүү мексикалыктар булгаарыдан тигилген кара түстүү шым, бийик такалуу өтүк, ак көйнөк, кара галстук, күмүш топчулуу кыска желет же куртка, саймаланган калпак кийген. Тамак-ашы негизинен жүгөрү, төө буурчак, мал чарбалуу Түндүк райондорунда быштак, жээктерде – балык ж. б. кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү