Мектептен тышкары билим алуу

Мектептен тышкары билим алуу — чоң кишилердин арасындагы маданий-агартуу, жалпы билим берүү жана таалим-тарбия иштеринин жыйындысы. «Мектептен тышкары билим алуу» термини Россияга 19-к-дын 2-жарымында тараган. Ал кезде бир катар европалык өлкөлөрдө чоң кишилер үчүн элдик китепканалар, элдик үйлөр, элдик университеттерттер ж. б. маданий-агартуу мекемелери түзүлө баштаган. СССРде Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин Мектептен тышкары билим алуу элге билим берүүнүн жалпы системасына кирген. Ал азыр мада­ний-агартуу иштери деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.