Мектеп көргөзмөсү – окуучулар коллективинин иштерин, алардын коомдук пайдалуу эмгегинин жыйынтыгын, спорттогу ж.б. тармактарда формасы. Иштин бул формасы окуучулардын өз алдынчалыгын, илимдин тигил же бул тармагына кызыгуусун, чыгармачылык иштөөсүн өнүктүрөт. Мектеп көргөзмөсү төмөндөгүдөй бөлүнөт: Коомдук саясий темаларга байланышкан Мектеп көргөзмөсү. Бул иш көпчүлүк учурда белгилүү даталарга жана өлкөдөгү маанилүү окуяларга арналып, ар түрдүү стенддер көргөзмөлөр уюштурулат. Предметтик сабактар менен байланышкан Мектеп Көргөзмөлөрү бул көргөзмөнүн окуучунун предметке кызыгуусун өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондуктан ар стендге, көргөзмөгө сунуш кылынган адабияттардын тизмесин берүү керек.

Жыйынтыктоочу Мектеп көргөзмөсү мектеп турмушунун жалпы картинасын, окуу-тарбия ишинин ийгилигин камсыз кылган жолдорду жана каражаттарды чагылдырат. Мектеп көргөзмөсүн уюштурууда салыштыруу методу чоң роль ойнойт. Көргөзмөгө бүткүл окуу процессинин өнүгүшүн чагылдырган материалдар тандалышы керек. Мектеп көргөзмөсү окуучулардын мыкты эмгектери, чыгармачылык менен жасаган буюмдары коюлушу керек. Алгач мектеп көргөзмөсү уюштурулганда мүмкүн болушунча окуучулардын көп катышуусу максатка ылайыктуу. Кийин мектеп көргөзмөсү адатка айланганда экспонаттарды тандоого катуу талап койсо болот. Мектеп көргөзмөсү 2–3 тур менен өткөрүү зарыл. Мектеп көргөзмөсү, окуучулар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ. МК, мектептин жалпы турмушун көрсөтүп, ийгиликтерге жетишүүнүн жолдорун аныктоого, тажрыйба алмашууга, өзүлөрүнүн жетишкендиктерин жайылтууга жардам берет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004