Меланезиялыктар – австронезия элдеринин тобу; Меланезиянын жергиликтүү калкы. Саны 2311 миң киши (2009). Меланезия, ошондой эле англис жана француз тилдеринде сүйлөшөт. Антропологиялык тиби боюнча меланезиялык расага кирет. Көпчүлүгү христиан (протестанттар, католиктер) динин тутат, бирок меланезиялыктарда байыркы жергиликтүү диний ишенимдердин калдыктары сакталган. Меланезиялыктардын этностук негизин австронезиялыктар жана байыркы папуас тилдүү калктар түзгөн. Мындан 5–4 миң жыл мурда австронезиялыктар Меланезияга отурукташа баштаган. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында алар байыркы папуас тилдүү калктар менен аралашып, археологиялык маданияты өнүккөн. 20-кылымда меланезиялыктар улут болуп калыптанган. Негизги кесиби – тропиктик дыйканчылык жана балыкчылык. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук кийими – белден ылдый жамынгыч жамынып, алжапкыч, кур тагынышып, кооздуктарды колдонушкан. Тамак-ашы – негизинен өсүмдүк, балык, кээде эт азыктары. Учурда элдик искусствосу өнүгүп, интеллигенция жана маданияты калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү