Мележ Иван Павлович (8. 2. 1921, Гомель губерниясы, Глинище кыштагы – 9. 8. 1976, Минск) – беларус совет жазуучусу, Беларус ССР эл жазуучусу (1972). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Беларус мамлекеттик университетин бүткөн (1945). Чыгармалары 1939-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч аңгемелери («Бороонду бет алып» жыйнагы, 1946), «Минск багыты» (1–2-китеп, 1949–52) романы, «Согуш башталганда» (1969). Анын «Саздагы кишилер» (1961; Лениндик сыйлыгы, 1972), «Добулдун илеби» (1965) романдарында беларус айыл-кыштактарын революциячыл жол менен кайра куруу процесси, жаңырган эл турмушу баяндалат. Эки роман тең терең психологизмге каныгып, эпикалык чеберчилик менен жазылган. И. Мележ – БССР Жогорку Советинин (7–8-шайланышынын) депутаты, Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү (1970), Беларуссия жазуучулар союзунун башкармасынын председателинин орун басары (1966–76). Беларус ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976, өлгөндөн кийин). Орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү