Мелодрама (мело... жана драма) – 1) драматургия жанры; ыйман тазалыгы менен кара өзгөйлүктүн күрөшүн курч сүрөттөгөн, эмоцияга жык, интригалуу пьеса. 18-кылымдын 90-жылдары Францияда пайда болгон. Негиздөөчүсү – Р. Ш. Тиксерекур. 1830–40-жылдары гүлдөө чегине жеткен. Мелодраманын мыкты үлгүлөрү (Ж. М. Монвель, Э. Сувестр ж. б.) социалдык калыссыздыкка, диний фанатизмге каршы чыгып, элдин жакырчылыгын жана укуксуздугун айгинелеген. Демократиялуулугу жана оюн-зоок көрүнүштөрү мелодраманын Европа театрында негизги орунду ээлешин камсыз кылат. Россияда мелодрама 19-кылымдын 20-жылдарында пайда болгон (Н. В. Кукольник, Н. А. Полевой ж. б.). Мелодраманын элементтери азыркы кездеги кээ бир драматургдардын (А. Н. Арбузов, А. Д. Салынский ж. б.) чыгармаларында да бар; 2) кейипкердин монологу же диалогу музыка менен коштолгон музыкалык-драмалык чыгарма.

Колдонулган адабияттар түзөтүү