Мелтирөө, жымжырттык -

1) аба ырайынын жел сокпой мелтиреп турган маалы. Желдин ылдамдыгы Бофорт шкаласы боюнча 0-0,2 м/секданы гана түзөт. Адатта антициклондордун ички бөлүктөрүндө, кайкыларында, конвергенциянын ички тропиктик зоналарында байкалат. Ачык жерлерге караганда Өрөөн, ойдуңдарда көбүрөөк болот.

2) Көл же деңиз суусунун бети мелмилдеп турган учуру.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2