Мельников Павел Иванович
Мельников Павел Иванович (29.7.1905, азыркы Украина, Днепропетровск областы, Царичинский району, Елизаветовка айылы – 20.2.1978, Фрунзе) – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1958-жылдан Кемин районундагы Ильич атындагы асыл тукум заводдун директору. Ала-тоо уюн чыгарууга катышкан. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7