Мембраналык потенциал – иондор гана өтүүчү (кээде нейтралдуу бөлүкчөлөр да) мембрана менен бөлүнгөн электролит эритмелери ортосундагы электроддук потенциалдар айырмасы. М. п. иондун ар кандай кыймылдуулугуна шартталган мембрана ичиндеги диффузиондук потенциал жана мембрананын эки жагы менен чектелген эритмедеги теңдештик фазалар аралык потенциалдар айырмасынан турат. Эксперимент түрүндө М. п. элементтин ЭКК катары аныкталат: Салыштыруу электроду 1 /1 – эритме / мембрана / экичи эритме салыштыруу электроду 2/. М. п. иондун бир гана түрүнүн активдүүлүгүнө көз каранды болгудай кылып, мембрана материалын тандап алса болот. Мындай мембраналар ионселективдүү электродду даярдоодо пайдаланып, потенциометриялык өлчөөлөрдө пайдаланылат

Колдонулган адабияттар түзөтүү