Мемфис – АКШнын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Теннеси штатынын түштүк-батышында. Миссисипи дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Калкы 663,0 миң [2010; калкынын негизин Америкалык африкалыктар түзөт (60%), шаар агломерациясында 1,3 млн]. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту (жүк ташуу боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2010-жылы 3,9 млн т) бар. Дарыя порту. 1682-жылы негизделген. 1826-жылдан шаар статусуна ээ. Архитектуралык эстеликтеринен Хант-Фелановдордун үйү (1828), викториан стилиндеги курулуштар сакталган. Шаардын ишкер бөлүгүндө, Миссисипи дарыясынын жээгинде египет пирамидасы формасында айнектен салынган үстү жабык спорт майданы (1991, бийиктиги 98 м, 20 миңден ашык орундуу), кафе, ресторан ж. б. эстеликтер бар. Шаарда банктардын штаб-квартиралары, кеңселери жайгашкан. Тамак-аш (соя, эт, айыл чарба азыктары), химиялык (анын ичинде шина өндүрүшү), машина куруу [пахта жыйноочу, медициналык жабдуулар (негизинен ортопедия)], электр-техникалык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Мемфисте 40тан ашык илимий борборлор (анын ичинде илим жана ден соолук борбору), бир нече өнөр жай компаниялары (анын ичинде фармацевтика, химиялык, медициналык жабдуулар өндүрүшү), агрономия изилдөө борбору ж. б. жайгашкан. Университет, мамлекеттик техникалык институт, бир нече колледж, калк китепканалары, музейлер, АКШдагы 19-кылымы кытай искусствосунун, коллекциясы, театрлар [анын ичинде опера, «Орфеум» (1890), «Тиэтр Мемфис» (1921), импровизация (2003)], Э. Преслинин «Грейсленд» музей-чарбагы (1982; жылына 600 миңден ашык киши келет) бар. Зоопарк, ботан. бак уюштурулган. Жыл сайын пахта карнавалы (июнда), барбекю даярдоо боюнча дүйнөнүн биринчилиги (майда), искусство фестивалы (сентябрда) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү