Мерецков Кирилл Афанасьевич

Мерецков Кирилл Афанасьевич [26. 5 (7. 6). 1897, Зарайск уезди, Рязань губерниясы (азыркы Москва областы, Зарайск району, Назарьев кыштагы –30. 12. 1968, Москва] – советтик Союз. Маршалы (1944), советтик Союз. Баатыры(1940). 1918-жылдан Кызыл Армияда. 1918–20-жылдары жарандык согушка катышкан. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын аскер академиясын бүткөн (1921). Москва, Беларусcия аскер округдарынын, Кызыл Туулуу Ыраакы Чыгыш өзгөчө армиясынын штабдарынын начальниги, Приволжье жана Ленинград аскер округдарын башкарган. Башкы штабдын начальнигинин орун басары. 1936–37-жылы Испаниядагы жарандык согушка катышкан. 1939–40-жылдары Совет-финн согушунда 7-армиянын командачысы. 1940-жылы августтан Башкы штабдын начальниги, 1941-жылы СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуштун башында 7-, 4-, 33-армиялардын командачысы катары Тихвин жанында фашисттик аскерлерди талкалоого кол башчылык кылган. 1941–44-жылдары Волхов, 1944-жылы Карель фронтторунун, 1945-жылдын апрелинен Приморье аскер тобунун, 1945жылдан Биринчи Ыраакы Чыгыш фронтунун командачысы. Манжурияда жана Түндүк Кореяда япон аскерлерин талкалашкан. Согуштан кийин Приморье, Москва, Беларуссия жана Түндүк аскер округдарынын командачысы. 1955–64-жылы СССР коргоо министрлигинде жооптуу кызматтарда. СССР Жогорку Советинин (1–5-шайланышынын) депутаты. Жети Ленин, «Жеңиш», Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, эки І даражадагы Суворов, І даражадагы Кутузов ордендери, медалдар жана чет элдик ордендер, медалдар менен сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү