Меридиан тоо кыркасы

Меридиан кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Меридиан тоо кыркасыБорбордук Теңир-Тоодо, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан. узундугу 80 кмдей, Кыргызстандын аймагында 22 км. Эң жазы жери 40 км. Эң бийик бөлүгү Сары-Жаз суусунун алабын чыгышынан чектеп турат. Орточо бийиктиги 5000–5500 м, эң бийик жери 6800 м (Достук чокусу). Башка бийик чокулары: Мрамор (6637 м), Пржевальский (6276 м). Тоо түндүккө карай жапыздап, Нарынкол суусунун башында 4100 мди түзөт. Рельефи татаал чокулардан түзүлүп, капталдары тик жана жалама, этегинен кырына чейин мөңгү менен капталган. Тоо негизинен палеозойдун башында пайда болгон мрамор, мраморлошкон аки таш теги, кристаллдуу сланец, аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары ж. б. тектерден турат. Структурасы жагынан Теңир-Тоодогу кырка тоолордон кескин айырмаланып, меридиан багытында жайгашкан. Этеги деңиз деңгээлинен 4500 м жогору жаткандыктан, толугу менен гляциалдыкнивалдык алкакта. Батыш капталынан түштүк Эңилчек, чыгышынан Сайкал, Темир-Суу, Түндүк сыяктуу эң ири мөңгүлөр башталат.

Меридиан кырка тоосу (Аскер топографтары чокусу)

Булактар түзөтүү