Меркантилизм
Меркантилизм (итальянча mercante – соодагер) – саясий экономиянын биринчи мектеби; алгачкы капитализм мезгилинде мамлекеттин чарбалык турмушка активдүү кийлигишүүсү менен мүнөздөлүп, көпөстөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык саясат. Меркантилисттер өлкөнүн негизги байлыгы баалуу металлдар (алтын ж. б.) жана акча деп эсептешкен. Алар экспортту көбөйтүп, импортту чектөөнү сунуштаган. Көрүнүктүү өкүлдөрү: Т. Мон, Ж. Б. Кольбер, И. Посошков, В. Татищев ж. б. Өзгөчө орунду И. Посошковдун эмгектери ээлейт. Ал өлкөнүн байлыгын көбөйтүү үчүн акча эмес, товар өндүрүүнү күчөтүү керек экендигин көрсөткөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7