Меркун Иван Савельевич (1887–1922) – Кыргызстанда совет бийлигин орнотуу үчүн күрөштүн катышуучусу. Февраль революциясынан кийин Пишпекте большевиктик жашыруун топ уюштурган. Пишпек Советинин мүчөсү, Пишпек уездинде Эл чарба советинин 1-төрагасы. 1918-жылы Аксууда (Беловодск) кулактардын козголоңун басууга катышкан. 1919-жылдан партиялык кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү