Метакрил кислотасы
Метакрил кислотасы (a-метилакрил к-тасы) СН2 =С(СН 3)-СООН – мол. масс. 86,09; кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 160,50С d420 1,01153; nD20 1,4314; Сууда, эфирде, спиртте эрийт. Бөлмө темп-расында оңой полимерленет полиметакрил кислотасын пайда кылат М. к. натрий амальгамасы менен изомай к-тасына чейин калыбына келет; иоддуу суутек менен b-иодизомай кислотасын берет; бромду кошуп алып a, b- дибромизомай кислотасын пайда кылат М. к. туундулары да полимердешүү реакциясына оңой кирет. Мисалы,
Ө. ж-да М. к. жана анын эфирлерин өнөр жайда ацетондон өндүрүлөт. Мисалы:
О. эле хлороформ менен ацетон конденсациясынан алынган заттын щелочь м-н
темпертуранын тассиринде аракеттенүүсүнөн М. К. чыгышы алда-канча көп болот:
KOH
СН3СОСН3+НССl3——® (CH3)2C(CCl2)2OH
KOH
–—® CH2 =C(CH 3)COOH
М. к. жана анын туундулары техникалык маанилүү полимерлерди жана сополимерлерди, органикалык айнек, каучуктар, ион алмаштыргыч чайырлар, метакрилаттар өндүрүүдө кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6