Металлдагы газдар, металлдарды электролиз жолу менен алганда же эриткенде, металл буюмдар атмосфера менен өз ара аракеттенгенде суюк же катуу металлдын ичине газ туруп калат.

Мисалы, мартен меши же кон­вертор менен чоюндан болотту эритип алууда эриген металлга меш атмосферасынан кычкылтек жанa азот аралашат; электролиз жолу менен никелди алууда катуу металл катоддон бөлүнгөн суутек менен каныгат. Металл менен газдын өз ара аракеттенүүлөрү үч түргө: ад­сорбция, сиңүү жанa химиялык бирикме түзүү процессине бөлүнөт. Адсорбцияда газ металлдын бетине гана аракет этет да, бетинде калыцдыгы бир же бир нече молекуланын диаметринчелик чел кабык (плёнка) пайда кылат. Газдар катуу металлга Кара­ганда эриген металлга жакшы сиңет. Ал газдар металл куймаларынын сапатын төмөндөтөт. Газдар металлдар менен химиялык бирикмелерди — кычкылдарды, сульфидди, нитридди пайда кы­лат. Бул бирикмелер металлдарга сиңбейт да, өзүнчө фаза катары бөлүнүп, металлдын физикалык-механикалык касиеттерин начарлатат. Ошондуктан металлдардын же куймалардын ичинде газ калбас үчүн алар өзгөчө болот-вакуум мештеринде алынат же ме­таллдын эритмеси инерттүү газ менен үйлөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.