Металлдарды химия-механикалык иштетүү

Металлдарды химия-механикалык иштетүү - металлдардын бетин физ.-хим. бузуу процесстерин айкалыштырып мех. иштетүү.

Кес­кич аспап жана абразивдүү тегерек менен кырып-жонуу Металлдарды химия-механикалык иштетүүнүн жу­ка кырып иштетүү түрүнө кирет. Иштетүүнүн акырында бет (металл, айнек, таш) жог. сапатта жылма жылтыратылат, б. а. абдан бекем жана коррозияга туруктуу аморффазалык катмар түзүлөт.

Металлдарды химия-механикалык иштетүүдө бети иштетилүүчү заттар менен жалтыратуучу паста реагенттери реакцияга кирип, беттөн оңой альш ташталуучу жумшак катмар менен капталат. Металлдарды химия-механикалык иштетүүнүн жалпы учурунда колдонулган реагенттер шптетилүүчү металлдарга адсорбциялык-хим. таасир этип, анда бет катмарда чоюлма жана жаныма чыңалуу пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.