Металлдар коррозиясы — чөйрөнүн химимялык  жана электрхим. таасиринин натыйжасында металлдар бузулушу. Коррозия учурунда чөйрөнүн бир же бир нече компонеттери калыбына келип, металлдар окистенет Эгерде чөйрө өткөрүмдүүлүккө ээ болсо, анда анын ылдамдыгы электрхимия кинетика закон ченемдүүлүктөрүнө баш ийет. Негизги аноддук (Fе = Fе 2++ 2е-); катуу продуктулардын пайда болушу (Сd + 2Н2О = Сd(ОН)2 + 2Н+ + 2е-). Негизги катоддук процесстер — Н2 бөлүнүп чыгышы (2Н+ + 2е- = Н2) жана эриген О2 калыбына келиши (О2+ 4Н++ 4е- = 2Н 2О же О2+ 2Н2О++ 4е- = 4ОН ). М. к. ылдамдыгы катоддук же аноддук процесстер ылдамдыгы менен аныкталышы мүмкүн. Металл бетинин ар түрдүү бөлүктөрүнүн коррозиясы чөйрөгө жараша, металлдык бет химимялык  же физ. бир тектүү эместигинин натыйжасында бирдей болбойт. Эгерде пассивдүү металлга активдештирүүчү (Мисалы, Сl - -иону) таасир этсе, анда питтингтик коррозия пайда болот. Куймалардагы кристалл аралык бөлүнүү менен байлаңышкан кристалл аралык коррозия өтө коркунучтуу, анткени ал металлдар ширетип бириктирилген жерлерин бузат. Чөйрөнүн мүнөзүнө жараша М. к. газдык, атм. кыртыштык, биологиялык жана башка болуп бөлүнөт. М. к. негизинде жылына металддар запасынын 1,5-2 % жоголот, ал негизинен техника темир коррозиясы менен байланышкан. М. к. каршы негизги чаралар: бузуучу чөйрөдө иштөөчү жабдуу, машина материалдарын туура тандап алуу, металл куймаларга жана бузуучу чөйрөнүн курамында атайын коррозия азайтуучу заттарды кошуу, металл беттерин атайын сыр, лак менен сырдоо жана башка чараларды жүргүзүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү