Металлоиддер
Металлоиддер – 1) металл эместер (күкүрт, азот жана башка) так эмес, эски аты; 2) кээде (чет өлкөлүк жана котормо адабияттарда) касиеттери боюнча металл менен металл эместер ортосундагы абалды ээлеген элементтерге As, B, Si, Ge, Sb, Te, Po колдонулуучу жалпы ат. Бул термин 1808-ж. Берцелиус тарабынан киргизилген, к. Металл эместер.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/5c/Antimony-4.jpg/220px-Antimony-4.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6