Металлотермия
Металлотермия (металлдар жана термо...) — хим. активдүү металлдардын жылуулук бөлүп чыгаруу таасири менен металл бирикмелеринен (металл кычкылдары, галлоиддери ж. б.) хим. таза металлдарды бөлүп алуу процесси.
Активдүү металл катары алюминий, магний, кремний ж. б. алынат. Металлотермия реакцияга катышуучу хим. активдүү калыбына келтирүүчү элементтерге жараша алюминотермия, магнитотермия, силикотермия ж. б. ден бөлүнөт. Металлотермия процессине окшош карботермия процессинде хим. активдүү элемент катары көмүртек (С) катышат. Металлотермия колдонулуучу жабдуулары боюнча төмөнкү процесстерге бөлүнөт: мешсиз процессте (алюминотермия) реакциянын жылуулугу металлдарды эритүүгө жетиштүү болгон учурда колдонулат; электр мештүү процессте жылуулуктун бөлүгү электр ысыткыч аркылуу берилет; вакуумдук процессте калыбына келтирүү учурунда тез бууланма металлдарды вакуумда болүп алууга мүмкүндүк түзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.