Металл-карапа материалдар

Металл-карапа материалдар - металл күкүмдөрү менен металл эмес элементтерди (асбест, графит металл­дардын кычкылдарын жана башка) аралаштырып, эритип куюу аркылуу даярдалган материалдар.

Металл-карапа материалдар даярдоодо негизинен темир күкүмдөрү алынат. Ага металл эмес башка элементтер кошулат да, күкүм металлургиянын ыкмалары боюнчача эритилип, куюп алынат.

Андан кийин механикалык жол менен иштетилет. Мындай материалдар абдан бекем болот. Металл-карапа материалдар пайдалануу металлды, электр энергиясын үнөмдөөгө, кээ бир механикалык процесстерди азайтууга мүмкүндүк берет. Металл-карапа материалдар кескич аспаптарды, подшипниктерди, электр контактын, магнитти, чыпканы, ысыкка чыдамдуу тетиктерди даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.