Металл физикасы
Металл физикасы— физиканын металлдардын түзүлүшү менен физ,- хим. касиеттерин изилдөөчү бөлүмү.
Металл физикасы — металл таануунун теориялык негизи; катуу нерселер жөнүндөгү илимдин бөлүгү. Металлдардьга негизги касиеттери 19-кылымда эле изилденген. Бирок ал касиеттердин табиятын атомдун түзүлүшү жөнүндөгү билим өркүндөмөйүнчө түшүнүү мүмкүн эмес.
Металл физикасы металлдын микроскопиялык (атом-кристаллдык), дефект жанa гетерофаздык үч структурасын изилдейт. Металлдын микроскопиялык теориясы 20-кылымда өнүгө баштаган. 1900-ж. немец физиги П. Друде металлдагы атомдордун аралыгын «электрон газы» ээлейт деген моделди сунуш кылган. Өзүнүн теориясына таянып металлдын бөлмө темп-расындагы электр өткөргүчтүгүн туура аныктап, электр өткөргүчтүк менен жылуулук өткөргүчтүктүн байланышын түшүндүргөн. Бирок бул модель металлдардын көптөгөн касиеттерин түшүндүрө алган эмес.
1927—28-ж. В. Паули жанa А. Зом- мерфельд парамагниттик кабылданыш менен жылуулук сыйымдуулуктун «аномалиясын» электр заряды менен жылуулукту ташууга жанa спин парамагнитизмин жүзөгө ашырууга катышкан электрондордун саны аз болгондугу менен түшүндүргөн. Кадимки температурада «электрон газынын» негизги бөлүгү начарлаган абалда болот да темп-ранын өзгөрүшү ага эч таасирин тийгизбейт. Бул түшүнүктөр металлдын азыркы мезгилдеги электрон теориясынын негизин түзгөн.
1930-ж. Л. Ландау металл диамагнетизми андагы электрондордун орбиталык кыймылда болушунан панда боло турганын аныктаган. Кристаллдагы дефектилер металлдын дээрлик бардык касиетине таа- сирин тийгизет, Кристаллдагы дефектилер, Кристаллдагы дислокация. Металлдын полиморфтук өзгөрүшү анын бардык физ. касиеттерин өзгөртөт. Жог. басым менен жог. магнит талаанын аракетинен пайда болгон полиморф модификациясын изилдөө — Металл физикасынын маанилүү багыты. Фаза теориясы фазалык тең салмактуулукту, фазалык өтүүнү, о. эле гетерофаз системасынын структурасын жанa касиеттерин караштырат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.