Метасоматоз кендери – метасоматоз процессинен пайда болгон минерал чогундулары. Магмадан бөлүнүп чыккан өтө жогорку температурадагы ысык суу буулары жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү тоо тектерге таасирин тийгизип, аларды массага айландырат. Натыйжада, химиялык реакция жүрүп, жаңы минералдар келип чыгат. Көбүнчө карбонаттуу тектер (аки таш теги, доломит) орун алган чөйрөдө активдүү жүрөт. Татаал түзүлүштөн турат да, зоналуу кен таш кабаттарына айланат. Өз ичинен жогорку, орточо, төмөнкү температуралуу зоналарга бөлүнөт. Жогорку температуралуу метасоматоз кендерине түстүү, кара, сейрек учуроочу металлдардын скарны менен грейзени кирет. Орточо температуралуусуна коргошун, цинк кен таштарынын гидротермдери, төмөнкү температуралуусуна жез менен урандын инфильтрация кендери мисал болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү