Метафора (гр.— өтүп кетүү) — троптун негизги түрлөрүнүн бири. Бир нерсени, көрүнүштү, башка бир нерсе же көрүнүш менен атоо. Метафора оозеки жана жазуу кебинде эң эле көп учурайт. Шарт боюнча салыштырууга да окшош.

Мисалы: Күч кайда Октябрдын бороонундай,

Кыйраткан эзүүчүнүн курган чебин.

Көргөзгөн туманды айдап эл эртеңин

Көргөзгөн адамзаттын келечегин. (Т. Үмөталиев)

Мында Октябрь революциясы бороонго, өткөн турмуш туманга окшотулуп, метафора түзүлүп жатат. Метафора кептин эмоционалдуулугун күчөтүп, тилди экспрессивдүү кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү