Метафоралык эпитет — кандайдыр бир нерсени, кубулушту өтмө мааниде башка бир нерсе, кубулуш менен туюнтуу.
Мисалы:
Бул Карабек кыргызымдын эң туну,

Мыкты иштейт деп кадырлуу угам мен муну.

Заводумдун ууз сүтүн кана ичкен,

Заводумдун дулдул канат кулуну.

(А. Осмонов)
Мындагы “дулдул канат кулуну” деген сөз айкашы өтмө мааниде, эпитеттин белгилерине ээ болуп турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004