Метафосфаттар
Метафосфаттар - метафосфор к-тасынын (НРОз) туздары.
Калий метафосфаты (КРОз) — жог. кон центрациялуу фосфор-калий жер семирткичи. Анда 40%ке чейин К20 жана 60% Р2О5 бар. Ал баалуу эгилме, айрыкча хлордуу калий туздары терс таасир тийгизүүчү осүмдүктөргө колдонулат. Кальций метафосфаты, Са(Р03)2—ар кыл топуракта жана бардык өсүмдүк үчүн пайдаланылуучу концентрациялуу күкүм семирткич.
Анын хим. таза тузунда 71,68% Р2Об ж-а 28,32 % СаО болот. СССРде М. аз колдонулат. Бул жер семирткичтерди ондүрүунүн бир кыйла үнөмдүү технологиясы иштелүүдө.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.