Метеорологиялык обсерватория
Метеорологиялык обсерватория – метеорологиялык байкоо жана изилдөө жүргүзүүчү илимий-техникалык мекеме. Атмосферанын үстүнкү катмарлары метеорологиялык ракетага орнотулган аспаптын жардамы менен изилденет. Булуттарды, жаан-чачынды изилдөөдө метеорологиялык радиолокатор жана атайын лаборатория менен жабдылган самолёт колдонулат. 1956-жылдан көпчүлүк обсерваториялар гидрометеорологиялык обсерватория болуп кайра түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7