Метеорологиялык элементтер

Метеорологиялык элементтер – атмосферада пайда болуучу кубулуштар. Буга абанын температурасы, басымы, нымдуулугу, шамалдын багыты, күчү, ылдамдыгы, булут, жаан-чачын, атмосферанын тунуктугу, жер кыртышынын, суунун үстүнкү бетинин температурасы, Күн радиациясы, Жер менен атмосферанын узун толкундуу нурланышы, аба ырайынын өзгөрүшү, чагылган, бороон ж. б. кирет. Мындай элементтердин өзгөрүп турушу атмосфера процесстердин натыйжасы болуп эсептелет. Аба ырайы менен климатты аныктайт. Метеорологиялык, аэрол. приборлор менен байкоо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү