Метеор агымы – Жер атмосферасы менен метеор уюгу кездешкенде атмосферада байкалуучу метеорлордун тобу. Ал чаң, таштан турган эллипс шакек түрүндө болот. Метеор уюгу кометалардын ядросунун ажыроосунан пайда болот. Комета Күнгө жакындаганда өзүнөн кийин газ, чаңдан турган из калтырат. Ыргытылуу бурчуна жараша кээ бир бөлүкчөлөр кометадан алдыга, ал эми кээ бири артында калат. Акырындап газ жана чаң орбита боюнча бөлүштүрүлөт. Шакек улам кеңейет бирок, перигелийде афелийге караганда ичке болот. Жер орбитасы менен кесилишкенде метеор жааны байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү