Метилметакрилат, СН2 =С(СН 3)-СООСН3 – түссүз суюктук; мол. масс. 100.11; балкып эрүү t 48,2оС, кайноо t 100,6оС, d 420 0,9430, nD20 1,4146; илээшкектиги h – 0,6322 (20о С); сууда, органикалык  эриткичтерде эрийт; от алуу температурасы 8 о С. химимялык  касиеттери татаал эфирдик топко жана кош байланышка көз каранды. Суу менен жай (щелочтор жана к-талар тездетет) гидролизденип, метакрил кислотасын пайда кылат. Минералдык к-талар катышуусунда (катализатор катары) органикалык  к-талар менен ысытканда метакрил кислотасын жана органикалык  к-талар метил эфирин пайда кылып, (эфирди алуунун бирден бир жолу), переэтерификацияланат. М. полиметакрилатты пайда кылуу менен оңой полимерленет. Полимерлешүүдөн сактоо үчүн стабилизатор (гидрохинон, жез) кошулат. Өнөр жайда метанол катышуусунда ацетонциангидринди дегидротациялоо менен алынат. М. организмди уулантуучу жана наркоздук таасири бар, буусу былжыр челди дүүлүктүрүүчү зат; абадагы концентрациясы 0,05 мг/лден ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү