Метограмма
Метограмма – табышмак ырдын бир түрү. Мында жашырылган сөздүн башкы тамгасы же ошол сөздүн негизги белгилери көрсөтүлөт.
Мисалы:
“К” – дан эгер баштасаң,
Балык кармар жермин.
“Ч” – дан эгер баштасаң –
Суу болбосо – өлдүң.
“Т” – дан эгер баштасаң –
Мал баласын көрдүң.
(көл – чөл – төр)
(Т. Самудинов)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004