Метрикалык ыр түзүлүшү – ыр сабындагы кыска жана узун муундардын бирдей санда ырааттуу кайталанышына негизделген ыр түзүлүшү. Негизги муунак же муун топтору: ямб, хорей, трибрахий, спондей, дактиль. Бул ыр түзүлүшү эзелки (античный) доордо поэзия менен музыка али толук ажырымдала элек мезгилде пайда болуп, көбүнчө узун жана кыска муундар маани ажыратуучу касиетке ээ болгон тилдерде (мисалы: араб тили ж. б.) тараган. Метрикалык ыр түзүлүшүнө эзелки (античный) ыр түзүлүшү жана Чыгыш элдериндеги аруз ыр системасы кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004