Механизмдер синтези
Механизмдер синтези ― машина жана механизмдер теориясынын бир бөлүмү; анда кинематикалык жана динамикалык касиеттери белгилүү болгон механизмдердин кинематикалык схемасын долбоорлоо методу каралат.
Кинематикалык касиеттери боюнча Механизмдер синтези ыкмасы толугураак иштелип чыккан. Алсак, муштумчалуу механизмдердин кинематикалык синтези өтө жөнөкөй, жетеленме звенодо ар кандай кыймыл мыйзамы аткарылат, ал эми рычагдуу механизмдер синтези татаал, кыймыл мыйзамы так аткарылбайт. Шарнирдуу механизмдерди синтездоо ыкмасы П. Л. Чебышевдин функциянын жакындатып эсептөө теориясына негизделген.
Булактар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.