Механика
Механика (гр. Μηχανική / mèchanikê — машиналар жөнүндө илим, машина жасоо өнөрү) — материалдык нерселердин мех. кыймылы жанa алардын өз ара аракеттениши жөнүндөгү илим.
Нерселердин же алардын бөлүктөрүнүн мейкиндиктеги абалынын өзгөрүүсү мех. кыймыл деп аталат. Ага табияттын (планета, жер кыртышы, суюктук, газ, молекуланын) жанa техниканын ар түрдүү кыймылдары мисал болот.
Жалпысынан Механика деп Ньютондун механика закондоруна негизделген классикалык Механика альшат. Анын негизги максаты - жарык ылдамдыгынан аз ылдамдыкта кыймылдаган материалдык нерсенин (элементардык бо- лүкчөлөрдөн башка) кыймылын изилдөө. Ылдамдыгы жарык ылдамдыгына жакын нерселердин кыймылы салыштырмалуулук теориясында, ал эми элементардык бөлүкчөлөрдүн кыймылы жанa атомдордун ичиндеги кубулуштар квант механикасында каралат. Механикада реалдуу нерселердин айрым касиеттерин туюндура турган материалдык чекит, абс. катуу нерсе жанa туташ өзгөрмөлүү чөйрө деген абстракттуу түшүнүктөр киргизилет. Ушуга ылайык Механика материалдык чекиттин. материалдык чекиттер системасынын, абс. катуу нерсенин, туташ чөйрөнүн Механикасы болуп айырмаланат. Изилденүүчү маселелердин мүнөзүнө карата Механика статика, кинематика жанa динамика бөлүмдөрүнө ажыратылат.
Механиканын маселелерин чечүүдө матем. методдор менне эксперимент изилдөөлөр кеңири колдонулат. Мех. кыймыл баш ийүүчү негизги закондор менен принциптер жалпы, б. а. теориялык Механикада окулат. Механиканын өз алдынча маанилүү бөлүмдөрү: термелүүлөр теориясы, тең салмактуулуктун туруктуулугу, кыймылдын туруктуулук теориясы, гироскоп теориясы, массасы өзгөрмө нерселердин механикасы, автоматтык жөндөө теориясы теориясы, сокку теориясы ж. б. Механика физиканын башка бөлүмдөрү, астрономия менен тыгыз байланышта болуп, техниканын ил. негиздеринин бирин түзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.