Механикалаштыруу – кол менен иштетилүүчү эмгек каражаттарын машина, механизм жана аппараттар менен алмаштыруу. Механикалаштыруунун негизги максаты – эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адамды оор жумуштан бошотуу. Механикалаштыруунун техникалык каражаттарына кыймылдаткычы (электр, буу, гидравликалык ж. б.), берилген операцияны ишке ашыруучу атайын түзүлүшү (жүк көтөрүп ташуучу, желдетүүчү, муздатуучу ж. б. орнотмолор) бар машина жана механизмдер кирет. Механикалаштыруу 18-кылымда башталып, 19-кылымдан машина, механизм жана аппараттарды кеңири колдонуу менен жумуштун жеңилдеши эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана өндүрүш масштабынын тез өнүгүшүнө алып келген. Механикалаштыруунун деңгээли жана натыйжалуулугу эмгекти механикалаштыруу коэффициентине, өндүрүштүн машина, энергия менен жабдылышына жараша аныкталат. Өнөр жай, айыл чарба, курулуш жана транспорттогу өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу үчүн машиналар системасы, энергетиканы механикалаштырууда ири электр станциялары курулуп, бирдиктүү энергия системалары түзүлүүдө. Шахтада жогорку өндүрүмдүү комбайндар иштөөдө. Газ, нефть сордуруу өнөр жайында жогорку өндүрүмдүү каражаттар (бургулоочу жабдуулар) пайдаланылууда. Металлургияда оор жумуштарды механикалаштыруу домналарды, чоюн эритүүчү жана прокат цехтерин механикалаштырууга багытталган. Жалпы алганда, тоо-кен өнөр жайында, газ жана нефть алуу өндүрүшүндө, металлургияда, машина курууда, жүк көтөрүп- ташуу жумуштарында, курулушта, транспортто, токой чарба, жеңил жана тамак өнөр жай өндүрүшүндө, тиричилик, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбада механикалаштыруу эң кубаттуу өндүрүштү түзүүгө алып келет. Техникалык прогресстин негизги багыттары энергияны башка түргө түздөн-түз айландыруу, айланачөйрөнү коргоо иштерин жүргүзүү менен Механикалаштыруу иштерин өркүндөтүүнү көздөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү