Механицизм – материянын кыймылынын механикалык формаларынын мыйзамдары аркылуу жаратылыштын жана коомдун өнүгүшүн түшүндүрүүчү дүйнөгө болгон көз караш, ал универсалдуу катары каралат жана материалдык кыймылдын бардык түрлөрүнө жайылтылат. Механицизмдин тарыхый жактан пайда болушу жана таралышы 17–18-кылымдардагы классикалык механиканын жетишкендиктери менен байланышкан (Галилей, Ньютон жана башка). Классикалык механика материя, кыймыл, мейкиндик жана убакыт, себептүүлүк жана башка жөнүндө өз алдынча көз караштарды иштеп чыккан. Бул көз караш 17–18-кылымдардагы табият таануунун деңгээли менен шартталган чектелгендигине карабас-тан жалпысынан механицизмда илимдерди жана философияны өнүктүрүүдө оң мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8