Мещандар (полякча mieszczanе – шаардык адамдар) – Октябрь революциясына чейин Россияда шаардык калктын түрдүү топторун (кол өнөрчү, майда соодагер ж. б.) камтыган катмар; өтмө мааниде мещандар – өзүмчүл, дүнүйөкор, саясатка кайдыгер адамдар. 14–17-кылымда Литва жана Польшанын курамына кирген түштүк жана батыш орус облустарынын шаардык адамдары, 17-кылымдан смоленскилик шаардыктар мещандар деп аталган. Мещандар өзүн-өзү башкаруу боюнча айрым укуктарга ээ болуп, жамааттарга биригишкен. Аларды 1863-жылга чейин мыйзам боюнча сабап жазалоого да мүмкүн болгон. 1775-жылдан капиталы 500 сомдон кем эмес шаар калкы мещандарга кирген. Алар жан салыгын төлөп, аскерге алынган. Мещандардын статусу мурастан мураска өтүп турган. Байып кеткен мещандар көпөстөргө, ал эми жакырланган көпөстөр мещандарга айланган. Помещиктерден башын азат кылган дыйкандар да мещандар деп аталган. Россияда 1811-жылы 950 миң (шаар калкынын 35,1%и), 1897-жылы 9,9 млн (44,3%и) мещан болгон. 19-кылымдын 60–70-жылдарындагы реформалардан кийин мещандардын көбү шаардык майда буржуазияга айланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү