Меңдигулов Жолдошбек (1936-ж. т., Жаңыжол айылы) - шахтер; Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин ардактуу шахтеру (1976), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген шахтеру (1972).

  • Эмгек жолун 1955-ж. Токтогул районундагы май заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1957-жылдан Ташкөмүр шахтасында жумушчу, бригадир болуп эмгектенген.
  • Орто Азия көмүр өнөр жайынын мастер-механиги (1976), СССР көмүр өнөр жайынын ардактуу механизатору (1977) наамдары ыйгарылган.
  • «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5