Миаскит
Миаскит (Челябинск областындагы Миасс шаарынын атынан) – магма тоо теги; нефелиндүү сиениттин биотиттүү түрү. Курамында нефелин, альбит, микроклин, лепидомелан (темирдүү биотит), апатит, циркон, ильменит ж. б. минералдар кездешет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7