"Мидлмарч" - провинциялык турмушка даярдануу" (англ. Middlemarch, A Study of Provincial Life) - англиялык жазуучу Жорж Элиоттун 1871-72-жылдар арасында сегиз томдук китеп болуп басылып чыккан романы. Романдын окуясы 1829-32-жылдар арасы, ойлоп табылган Мидлендс кыштагында орун алат жана кир канча айрым (бирок кесилишүүчү) окуялардан түзүлүп, бир канча каармандарды камтыйт. Романдын олуттуу темалары: аялдардын коомдогу абалы, үй-бүлө куруу табияты, идеализм, өзүмчүлдүк, дин, анткорлук, саясий реформа жана билим берүү.

Мидлмарч (1871).

Күлкүлүү элементтерди камтыган "Мидлмарч" романы көптөгөн тарыхый окуяларга тиешелүү: 1832-жылкы реформа актысы, темир жолдордун курулушу, Георг IV королунун өлүмү жана анын иниси герцог Кларенстин укук мураскорлугуна татыктуу болушу. Мындан тышкары, чыгарма заманбап медициналык илимди жана жагымсыз өзгөрүүлөргө дуушар боло турган коомчулуктун реакциялык терең ойлонуусун текшерет.

Элиот 1869-70-жылдар арасында, соңунда "Мидлмарч" романына айлана турган эки чыгарманы жазат, жазуучу романдын толук вариантын 1871-жылы жазып бүтүргөн. "Мидлмарч" романы боюнча алгачкы сын-пикирлер ар-түрдүү болсо да, бул чыгарма азыркы учурда, жазуучунун англис тилинде жазылган эң мыкты романдарынын бири болуп саналат.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү