Микориза (грекче mekēs – козу карын жана riźa – тамыр) – козу карындын мицелийи менен татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн тамырынын өз ара пайдалуу симбиозу. Айрым аскомицеттер жана базидимицеттер микориза пайда кылат. Микориза эктотрофтуу жана эндотрофтуу болуп бөлүнөт. Эктотрофтуу микоризада козу карын тамырдын учтарын каптайт. Бул микориза көбүнчө базидиомицеттер менен токой дарактарынын (эмен, кайың, мырза карагай ж. б.) тамырында кездешет. Бул өсүмдүктөрдүн тамыр түктөрү куурап, анын милдетин козу карын аткарат. Эндотрофтуу микоризада козу карын тамыр кабыгынын клеткаларында жана клетка арасында да жайгашат. Микоризада козу карындын мицелийинин өрчүшүнөн улам татаал түзүлүштүү өсүмдүк тамырынын соруу бети чоңоёт да, топурактан сууну, азык заттарды көбүрөөк алат. Козу карындар мындан тышкары витамин сымал жана өсүүнү тездетүүчү заттарды да бөлүп чыгарып, өзү өсүмдүктөн органикалык заттарды алат. Айрым өсүмдүктөрдүн уругу (мисалы, орхидеялар) козу карындар болгондо гана өсүп жетилет.

Козу карын Gigaspora margarita & өсүмдүк Lotus corniculatus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү