Микросъемка
Микросъемка— тетиктин же объектинин оптпкалык микроскоп (20— 3500 эсе) жанa электрондук микроскоп (100 000 эсе) менен чоңойтулган фото же кино сүрөтүн алуу.
Микросъемка объектинин тышкы көрүнушүн, анын структурасын жанa анда болуп өтүүчү процессти изилдөөдө пайдаланылат. Ошону үчун ал илимде, техникада жанa а. ч-да объективдүү документ түзүу методу катары кеңири колдонулат.
Микросъемкада микроскоптун оптпкалык системасы микропроекциялоо ыкмасы менен жөнгө салынат, ал эми электрондук микроскоп менен чоңойтулган сүрөт электрон агымы менен фотоплёнкага түшүрүлөт. Ил. иштерди жүргүзүүдө татаал микроустановка жанa жарык сезгич ар кандай материалдар, жарык чыпкалары пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.