Микрофильтрлөө – мембраналар аркылуу коллоиддик системаларды бөлүү. Жогорку деңгээлдеги көңдөйчөлүү полимердик пленкалар катуу нерселер, мисалы, темир зым торчолор бетине капталып жарым өткөргүч мембраналарды түзөт. Алар аркылуу суу менен көптөгөн эритмелерди тазалоого болот. Жарым өткөргүч мембраналар калыңдыгы 10-350 мкм, көңдөйчөнүн диаметри 0,01-14 мкм, кыймылдаткыч күчү мембрананын эки каптал бетиндеги басымдын айырмасынан келип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү