Микседема — калкан сымал бездин ишинин начарлашы же толук токтошунун натыйжасында болуучу абал, гипотиреоздун белгилеринин бири. Микседема баланын өөрчүшү (түйүлдүк мезгилинде) бузулганда же ага инфекция таасир эткенде, чанда калкан сымал без сезгенгенде же травмага учураганда болот. Ошондой эле гипофиз жабыркаганда да болушу мүмкүн. Микседемада тери, тери алдындагы клетчатка, тил шишийт, тери кургап, чач түшөт, киши тез чарчап, уйку басат, үнү кырылдайт, дене температурасы, кан басымы төмөндөйт. Калкан сымал без кичиреет, аялдарда этек кир цикли бузулат, боюнан түшүүсү мүмкүн, эркектерде жыныстык импотенция болот. Балдардын психикасы начар өөрчүп, бою өспөйт.

Микседема

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач жүргүзөт. Балдарды өз убагында дарылоо бир топ натыйжа берет. Дарылоонун азыркы ыкмалары чоң кишилерде оорунун өөрчүшүн токтотуп, ишке жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Бирок дайыма врачтын көзөмөлүндө болуу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8